Баланын бармагын соруу эмнени билдирет?

14 апрель 2022 08:20 10765 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Медициналык булактарга ылайык, бала манжасын түйүлдүк кезинде эле соруп баштайт. Ошондуктан бул - тубаса инстинкт. Бир жашка чейинки балдардын манжасын соруусу курсагы ачкандыкты билдирет. Ошондой эле эмчектен эрте чыкканда же графикти катуу сактап тамактандырганда манжасын соруу адатка айланат. Ал эми бир жаштан өйдөлөр курсагы ачкандан сырткары уйкусу келгенде же тынчтанууну каалаганда манжасын соруп баштайт. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Зыяндуулугу: адистердин айтымында, балдардын 1-2 жашка чейин манжасын соруусу зыян деле эмес. 2 жаштан өткөндө да манжасын соруп жүрүү тиштердин туура эмес өсүүсүнө, жаак сөөктөрдүн кыйшаюусуна, дикциянын жана тамак чайноонун начарлашына алып келет. Ошондой эле бала бакчада, мектепте да байкабай манжасын соруп алып теңтуштарынын шылдыңына кабылып аң-сезими жабыркайт.

Кантип арылуу керек?

– Балаңыз манжасын соруп жатканын байкап калсаңыз, бир буюмду алып келүүсүн суранып, башка иштерге жумшоо менен алаксытыңыз.

– Манжасын чогуу санаңыздар, же жашы канчада экенин сураңыз.

– Колунун жардамы менен ит, коён же козуну туурап көрсөтүүсүн айтыңыз.

– Уктап жатканда колун оозуна салбашы үчүн жомок окуп берип алаксытыңыз. Такыр эле болбой манжасын кайра оозуна салып алса, урушуп жулуп албастан, бир аз сордуруп туруп, анан акырын байкатпай чыгарып коюңуз.


Ссылка: https://barometr.kg/balanyn-barmagyn-soruu-emneni-bildiret



Добавить комментарий