Баланы дайыма сен мыктысын деп тарбиялоо туурабы?

9 февраль 2023 08:10 3074 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Учурдун заманбап ата-энелери балдарынын мыкты болушун каалап, кайрадан алардын өзүн-өзү баалоо сезимин түшурүп алган учурлар көп кездешет. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Мисалга, биз балдарыбызды ар дайым сен акылдуусун, сен эр журөксүн, сен эң таланттуусун жана сен эң күчтүүсүн деп тарбиялайбыз. Бул да болсо туура эмес экен. Себеби, бала кайыс бир учурда социалдык коомго аралашканда андан да мыктыларга кездешип, шагы сынып калган учурлар көп болот. Мисал катары айта кетсек, бала коомго аралашканда андан да мыкты кыйын сүрөт тарткан же чуркаган балдарга кездешкенде, өзүнө баа берүүсү (өзүн-өзү баалоо) азаят. Ошондо, балаңыздын шагы сынганын дароо байкоого болот.

Ошон үчун баланы кичинесинен эле, сен мыктысын бирок сенден да өткөн мыктылар бар деп тарбиялоо кажет. Сен сулуусун, а бирок ар бир бала өз ата-энеси үчүн сулуу деп айтуу керек.

Башкача айтканда, чоңдорго мамиле жасагандай эле, балдарыбызга да кичинесинен ошондой мамиле кылуу керектигин адистер айтат.

Ссылка: https://barometr.kg/balany-dajyma-sen-myktysyn-dep-tarbiyaloo-tuura-emes



Добавить комментарий