Айпери Кубик кызы: Сиздер да уялбаңыздар!

23 июнь 2021 14:37 3744 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Айпери Кубик кызы ар дайым ата-энеге эркелегенден уялбаш керек деп эсептейт. Ырчы бул пикирин  социалдык баракчасына бөлүшүп, атасы менен селкинчек тээп жаткан видеосун жарыялады. Бул тууралуу "Барометр" билдирет.

“Сен канча жашка чыкпа ата-энең үчүн өмүр бою баласы бойдон каласың. Сени бул жалганда болгон кемчилигиң менен, турган турпатың менен чын жүрөгүнөн жөн гана жакшы көргөн инсандар бул ата-энең! Жыгылсаң тургузуп, чөксөң колдоп, кандай ката кетирсең баарын кечирип, ар дайым сенин амандыгыңды тилеп, дубасын берген ата-энең! Сен үчүн күйгөн, ичкен ашын коё калган ата-энең! Жөлөк-таянаарын, чексиз мээримин төккөн ата-энең! Атаң, апаң бар-сен байсын!  Кыз бала атасына жакын болот дешет. Кызды татыктуу тарбиялап, ыйманы менен турмушка узаткан бул ата-эненин бейиши.Кыз балага бейишке кирүүгө уруксат берилсе өзү менен 4 эркекти  (атасын, жолдошун, бир тууганын, уул балдарын) ала кирет! Тозокко десе дал ушул 4 эркекти тозокко өзү менен ала кирет. Баягы эле эркетай Айпери. Өзү 30 га чыгып, эне болуп турса да ата-энесине ар дайым эркелеп турган Айпери. Мен уялбайм! Атам менен апамды кучактап өпкөндөн, аларга эркелеп, жакшы көрөм дегенден уялбайм!

Сиздер да уялбаңыздар! Себеби, ата-энелерибиз барында, көзү тирүүсүндө кадырлап, барктап, сыйлап, аларга мээрим төгүп, жакшы көрөөрүбүздү улам айтып,эркелеп турсак кандай сонун.Баарыбыздын ата-энелерибиз аман болушсун.Бүгүн барбыз, эртен жокпуз.Ар бир мүнөттү баалап, жакындарыбызга сүйүүбүздү билдирели! Бул күндөр тез эле өтүп кетет”,-деп жазды ырчы.

Ссылка: https://barometr.kg/ajperi-kubik-kyzy-sizder-da-uyalbayzdar



Добавить комментарий