"Баламды көрүп калсаңар кабарлап койгулачы". Ариет 20 күндөн бери дайынсыз болуп, изделүүдө

29 март 2021 18:08 16893 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кароол айылынын тургуну Эгембердиев Ариет 20 күндөн бери дайынсыз болуп изделүү. “Барометрге” анын атасы Замирбек Айтбаев жардам сурап кайрылды.

Биз буга чейин, Эгембердиев Ариет 8-март күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын жазганбыз.

Маалым болгондой, 14 жаштагы Ариет 20 күндөн ашса да табылбай жатат. Атасынын айтымында, Ошто жүрөт деген кабарды угуп, аны менен кошо жүргөн баланы издеп табышкан. Бирок, ал баланын айтымында, Ариет андан жардам сурап кайрылып, эки күн үйүнө жатып алып, жумуштарым бар деп чыгып кетиптир.

“Биз Өзгөн шаардык милициясына баламдын жоголгону тууралуу арыз менен кайрылганбыз. Милициялар издешкен деле жок. Жок дегенде, эмне кабарлары бар экени тууралуу да мага маалымдаган жок. Милицияларга ишенбей өзүбүз издеп жатабыз. Ар ким ар кандай айтып, чалып жатышат. Кече бирөө Россиянын Екатеринбург шаарынан көрдүк деп чалды. Бирок, менин балам эч кандай документи жок ал жакка кантип кетип калмак эле? Балким, окшоштуруп жатышат окшойт. Эч бир айлам калбай калды. Менин баламды көрүп калган болсоңуздар, суранаарым мага кабарлап коюңуздарчы. Эч бир ата-эненин башына мындайды салбасын. Уйку көрбөй, тамак ичпей, күнү-түнү баламдын аман-эсен табылышын тилеп калдык”, - деп муңканат баланын атасы.

Ариеттин жүргөн жерин көргөн-билгендер болсо кабар берип коюшуңуздарды өтүнөбүз.

Байланыш үчүн телефон номерлер: 0709 06 86 96; 0776 23 54 36 .

Ссылка: https://barometr.kg/balamdy-krp-kalsaar-kabarlap-kojgulachy-14-zhashtagy-ariet-20-kndn-beri-dajynsyz-bolup-izdeld



Добавить комментарий