"Балага Сүйүнчү" жөлөк пулун 90 617 наристе албай калган. Буга министиликтин жообу

5 сентябрь 2020 10:49 2742 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2018-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 1-сентябрына чейин 362 671 балага 4 миң сом өлчөмүндө бир жолку Балага Сүйүнчү жөлөк пулу төлөндү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Бул максаттар үчүн республикалык бюджеттен 1 миллиард 459 миллион 995 миң 350 сом төлөндү (жалпы суммада банк кызматына бөлүнгөн каражат дагы көрсөтүлгөн).

Статистикалык маалыматтарга ылайык, "Балага сүйүнчү" долбоору ишке киргизилгенден баштап 90 617 ата-эне наристеси үчүн каралган каражатты алган эмес. Министрликтин айтымында, буга ата-энелердин арыз жазбаганы себеп болушу мүмкүн.

Департамент "Балага Сүйүнчүгө" төлөө тартиби жөнөкөйлөтүлгөнүн белгилейт. Жөлөк пулду жеке кабинет ачпастан, төлөө үчүн кайрылгандан кийин эки күндүн ичинде алууга болот. "Балага сүйүнчү" төлөмү Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарына (калкты тейлөө борборлору, ЗАГСтар, маалыматтык күркөлөр) паспорту жана баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү көрсөтүлгөндөн кийин берилет.

Ссылка: https://barometr.kg/balaga-sjnch-posobiesin-90-617-nariste-albaj-kalgan-buga-ministiliktin-zhoobu



Добавить комментарий