Бала багуучу атайылап туздуу буламык берип, 2 жашар баланы өлтүрдү
Кыз бул кылыгын баланы жаман көрүп калгандыгы менен түшүндүргөн. Ал өзү багып жаткан баланы көп жолу кур менен сабаган. Бирок, жек көрүүсү ушунчалык болгондуктан баланы туздуу буламык менен тойгуза баштаган.
Бул окуя Архангельск облусунда болгон. Бул тууралуу Россия федерациясынын тергөө комитетини Ненец автономиялуу окуругу боюнча тергөө башкармалыгы берген маалыматка таянып кабарлады.
Ал баланы 2018-жылдын март айынан бери карап келген. Жай айларынан баштап гана кыз буламыкка тузду көп кошо баштаган жана балага күч менен жедирип келген. Мындан улам бала ооруканага түшкөн жана өлүп калган.
25 жаштагы кыз күнөөсүн моюнга алып, балага болгон жек көрүүсү башынан эле болгонун айткан. Ал 14 жылга эркинен ажыратылды.
Ссылка: https://barometr.kg/bala-baguuchu-atajylap-tuzduu-bulamyk-berip-2-zhashar-balany-ltrd
Добавить комментарий ×