Бакыт Төрөбаев: Акыйкатчыга унаа менен ары бери жүрүш эмес, иштей турган адам келиш керек
Учурда Жогорку Кеңеште КРнын акыйкатчысын шайлоо жүрүп жатат. Анда депутаттар бул кызматка талапкерлерге суроолорун узатышууда. Депутат Бакыт Төрөбаев Акыйкатчы жылуу кабинетте отуруп алып унаа менен ары бери жүрбөгөн иштей турган адам Акыйкатчы болушу керктигин айтты.
“Бүгүнкү акыйкатчы институту Кыргызстанга керекпи. Бүгүнкү күндө анын күчү таасири барбы? Мен азыр эле маалымат алдым. Бир жылда 15 миңге жакын арыз түшөт экен. Анын ичинен 84 гана арыз каралса, 13 арыз гана оң жака чечилиптир. Бул статистика Кыргызстанга акыйкатчы институту керек. Бирок азыркы акыбалда кереги жок. Бул жерде системный иш жүрүш керек. Акыйкатчы президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына Башкы прокурататурага кире ала турган элдин үнүн угуза турган адам керек. Мурда эгерде ким акыйкатчыга тоскоолдук кылып жаткан болсо ага жаза каралат эле азыр андай жок. Жөн кабинетте отуруп алып унаа менен ары бери жүрүш эмес, иштей турган адам келиш керек”, - деди депутат.
Белиглей кетсек бүгүн КРнын акыйкатчысы шайланат. Ага КСДП фракциясы Токон Мамытовдун талапкерлигин, «Бир Бол» фракциясы 3 талапкерди – Маматурайим Момуновду, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди, «Ата Мекен» фракциясы Канат Азиздин талапкерлигин сунуштаган.
Добавить комментарий ×