Депутат: Кыргызстанга кайткан эмгек мигранттарын иш менен кантип камсыздайбыз?

28 май 2020 11:10 2225 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 28-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөгө кайткан эмгек мигранттарын иш менен камсыздоо маселесин депутат Бакирдин Субанбеков билдирди.  

"Кара-Балта жана Токмок шаарлары Совет өкмөтү маалында өндүрүшү жогору өнүккөн шаарлардын бири болчу. Бирок, эгемендүүлүк алгандан бери ал шаарлардагы ири өндүрүш жайлары иштебей турат. Алардын баары Өкмөттүн карамагында. Андыктан, инвестиция тартуу менен ири завод, фабрикаларды иштетүү жагын колго алышыбыз керек", - деди депутат Бакирдин Субанбеков.

Ошондой эле Чүй облусунун малчыларынын кайрылуулары тууралуу да сөз кылган эл өкүлү, Суусамырдагы дайрага көпүрө салып, жайыт маселесин чечүүнү көтөрдү.

Ал эми депутат Альфия Самигуллина пандемияга байланыштуу окуу жараяндары үзгүлтүккө учураганына токтолуп: 

"Быйылкы бүтүрүүчүлөр жалпы республикалык тестирлөөгө кантип даярданат. Аталган тестирлөө абитуриенттердин мындан аркы билим алуусу үчүн өтө маанилүү. Андыктан, ага даярдануу маселесин тиешелүү министрлик карап чыгышы керек", - деди.

Ссылка: https://barometr.kg/bakirdin-subanbekov-iri-zavod-fabrikalardy-ishtet-zhagyn-kolgo-alyshybyz-kerek



Добавить комментарий