Байлык алып келүүчү акча дарагын кантип туура колдонуш керек?
Материалдык байлыкка ээ болушу үчүн айрымдар акча дарагы деп аталган өсүмдүктү өстүрүшөт. Аны туура колдонсо акча агымы үйдөн үзүлбөйт деп эсептешет. Бул чындыкпы?
Акча дарагы тууралуу түшүнүк фен-шуй илиминен келип чыккан. Чыгыш аалымдарынын айтымында акча дарагын туура иштетиш үчүн бир катар эрежелерди бекем сакташ керек экен. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Акча дарагы же орусчасы толстянка-жумшак кыска жалбырактары бар өсүмдүк. Ал япондордун бонзай дарагына окшоп кетет. Бул өсүмдүккө биринчи кезекте жарыкты камсыз кылуу керек. Аны үйдөгү жарык жакшы тийген жерге багуу зарыл.
Акча дарагын белекке алган туура эмес, эң эле жакшысы-аны уурдап келген дурус дешет. Эгер андай кыла албагыңызга көзүңүз жетсе анда сатып алыңыз. Анан калса уурдаганда гүлдү чакасы мнен көтөрүп кетпей сабагын гана кесип алыш керек, ал өз кезегинде тамыр байланганда анан отуругузуу кажет.
Ал эми сиз бирөөгө акча дарагын бергенге да болбойт, анткени ал тескери иштеп, сиздин акча, каржы иштериңизди бузат.
Ошондой эле бул өсүмдүккө туура мамиле кылбаса анын энергетикасы иштебей коюшу мүмкүн экен. Бул үчүн анын идишин уламдан-улам жарык жерге которуп турган жакшы.
Мындан тышкары анын таасирин эки эсе күчөтүш үчүн түбүндөгү топуракка бир нече тыйын көмүп жана өзөктөрү менен жалбырактарына кызыл түстүү лентаны тагып коюшат. Ошол эле ленталарга тыйын байлап койсо да сиздин каржылык агым жакшы нукка түшөт деп белгилешет фен-шуйчулар.
Капчыгыңыз кампайып, байлык келишине тилектешпиз!
Ссылка: https://barometr.kg/bajlyk-alyp-kelch-akcha-daragyn-kantip-tuura-koldonush-kerek
Добавить комментарий ×