Байгазиев: Жарык өчүрүлбөйт, бирок керектөөнү азайтуу керек

29 сентябрь 2021 14:22 1670 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Калкка карата электрдин баасы мурдагы деңгээлинде калды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда “Улуттук энергохолдинг” ачык акционердик коомунун төрагасы Талайбек Байгазиев брифинг учурунда билдиргенин “Барометр” маалымдайт.  

Анын айтымында, турмуш-тиричилик абоненттери үчүн баалар мурдагы деңгээлинде тактап айтканда 0,77 сом/кВт.саат түрүндө сакталууда. Бир айда 700 кВт.сааттан көп энергия колдонулганда анын баасы  кВт саатына 2,16 сомдон эсептелет.

“Алыскы, барууга кыйын болгон аймактарда, тоолуу аймактарда жашаган тургундар үчүн бул норма колдонулбайт. Аталган категориядагы жашоочулар үчүн жыл бою электр баасы 0,77 сомдон болот”,-деп эскертти ал.

Мындан тышкары Байгазиев быйыл кышында электр энергиясын өчүрүү болбой турганы,н бирок зарыл болгон деңгээлге чейин керектөөнү азайтуу керектигин кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/bajgaziev-zharyk-chrlbjt-birok-kerektn-azajtuu-kerek



Добавить комментарий