Багып алган иттери эки жаштагы кызын чайнап өлтүрдү
Бөлүшүү:
Алмата шаарында 2 жаштагы кызды иттер чайнап өлтүргөн. Бул тууралуу NUR.KZ булагы шаардын ветеринардык кызматына шилтеме кылып кабарлады.
Алган жаракатынан улам наристе тез жардамдын дарыгерлери келгенче чарчап калды. Кырсык 29-мартта Алатауский районундагы Курылысшы микрорайонунда болгон.
Жеке менчик турак үйдүн короосунда ротвейлер тукумундагы эки ит алардын кожоюнунун кичинекей кызын чайнап салган.
Учурда тергөө башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/bagyp-algan-itteri-eki-zhashtagy-kyzyn-chajnap-ltrd
Добавить комментарий ×