Баңги затын ташып жүргөн деп 24 жаштагы бала кармалды
Баңги затын ташып жүргөн деп шектелип, Ысык-Көл облусунун тургуну 24 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта жазылгандай, 2017-жылдын 31-декабрь күнү болжол менен таңкы саат төрттөр чамасында белгисиз адамдар тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинин аймагына баңгизатын ыргытышкан. Белгисиз адамдар уруксат берилбеген предметтерди ыргыткан соң издерин жашырып качып кетишкен. Баңгизаттар белгисиз адамдардын көздөгөн жерине жетпей, мекеменин ички аймагына түшүп калып, көзөмөлдөөчү жеринен желим бөтөлкөгө салынган жашыл өңдөгү өзгөчө жыты бар зат табылган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында ыкчам кызматкерлердин тиешелүү көрүлгөн чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышты жасоого шектүү катары Ысык-Көл облусунун 1995-жылы туулган Ж.Б. аттуу жашоочусу кармалган. Ал мурда уурдоо жана бейбаштык беренелери менен соттолгон.
ИИМдин КМКнын маалыматы боюнча кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары атайын каттоодо турат.
Ссылка: https://barometr.kg/bagi-zatyn-tashyp-zhrgn-dep-24-zhashtagy-bala-karmaldy
Добавить комментарий ×