Баңги заты менен Баткендик жаран кармалды

3 август 2018 21:35 1081 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарында баңгизат ташууга шектелген адам кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Берилген маалыматка ылайык, кармалган адам Баткен облусунун 35 жаштагы тургуну болуп чыкты. Анын “Митцубиси-Паджеро” үлгүсүндөгү автоунаасынан полиэтиленге оролгон төрт килограммдык шектүү зат алынган. Дыкат текшерүүдөн кийин  гашиш экени аныкталды. 

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси ("Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу") менен кылмыш иши козголду. Кармалган адам ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/bagi-zaty-menen-batkendik-zharan-karmaldy



Добавить комментарий