Балбак Түлөбаев: Акыбал оор. Жакында өлүмдөр башталат

8 октябрь 2020 17:50 2315 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Балбак Түлөбаев акыбал оорлошуп бара жатканына токтолуп, өлкөдөгү абалды тезинен турукташтыруу керектигин айтты. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына калтырган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Калайык!

Мен Садыр Жапаровдун премьер министирлик макамын тааныйм. Ысык- Көл облусунун өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү катары.

Себеби мыйзамдуу жол ушул. Аны азыркы Жогорку Кеңеш шайлаган.

Саясатчы мырзалар акыбал оор, оору күчөп бара атат. Жакында өлүмдөр башталат. Азабы да тозогу да мойнуңарда!

Люстрация керек. Ордуларыбызды бошотолу”, -деген кайрылуу жолдоду.


Ссылка: https://barometr.kg/babak-tlbaev-akybal-oor-zhakynda-lmdr-bashtalat



Добавить комментарий