Баасы 1 млн сомдон ашык. Ири өлчөмдөгү героинди ташып жүргөн эл аралык баңги тобу кармалды

27 март 2023 09:31 738 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзгөчө ири өлчөмдөгү героинди ташып жүргөн эл аралык баңги тобу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Кыргызстандын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын,  УКМКнын жана Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин ыкчам кызматкерлери менен биргеликте кармашкан.

Алар, Кыргызстан аркылуу афган тектүү баңгизаттардын ири партияларын чет өлкөгө чыгарып кетип турушкан. 

“Атайын операциянын жыйынтыгында 100 кг ашык “героин” баңгизатын ташыган жана сактаган баңги каналынын  уюштуруучусу 1986-жылы туулган Тажикстандын жараны К.О.А. Казакстандын Алматы шаарынын аймагынан кармалды. Ал  Кыргызстандын аймагынан ташып жүргөн.

Баңги тобунун башка катышуучуларын аныктоого багытталган мындан аркы биргелешкен иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Маалымат катары, жогорудагы аныкталып алынган баңгизаттын болжолдуу баасы 1 миллион 190 миң АКШ долларын түзөт”, - деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/baasy-1-mln-somdon-ashyk-iri-lchmdg-geroindi-tashyp-zhrgn-el-aralyk-bagi-tobu-karmaldy



Добавить комментарий