Курчоого алынып, элдер эвакуацияланууда. "Азия Моллдо" жарылуучу зат коюулганы айтылууда
"Азия Молл" соода борборунда жарылуучу зат коюулганы кабарланып, элдер ыкчам эвакуацияланганы кабарланды. "Бул тууралуу Ленин РИИБ маалыматына таянып "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-августь күнү болжол менен саат 13:56да "Азия Молл" соода жана оюн-зоок борборунун имаратына бомба коюлганы тууралуу жашыруун билдирүү келип түшкөн.
"Окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу жана Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын ИИБнын жетекчилиги жөнөп кетишти. Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында имараттын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, УКМКнын кызматкерлери да келишкен. Учурда тиешелүү издөө жана тактоо иш-чаралары жүрүп жатат, чоо-жайы кийинчерээк жарыяланат", -деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×