Бишкекте 1-апрелден тарта балдар аянтчалары жабылат
Бөлүшүү:
Бишкек шаарындагы соода борборлордо жайгашкан балдар аянтчалары жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде вице-мэр Айжан Чыныбаева брифинг учурунда билдирди.
Маалым болгондой, борбор калаада эпидемиялогиялык кырдаал дагы да курч болгондуктан, 1-апрелден тарта бир катар чектөөлөр киргизилет.
“Борбор калаада күн санап, коронавирус илдетин жугузгандардын саны өсүп жатат. Ага ылайык, балдардын коопсуздугу үчүн 1-апрелден тарта соода борборлордун ичине жайгашкан балдар аянтчалары жабылат”, - деди Айжан Чыныбаева.
Ошону менен катары эле, вице-мэр жарандарды өз алдынча дарылануудан алыс болуп, оорунун белгилери байкалары менен 118 колл-борборуна чалууну сунуштады.
Добавить комментарий ×