Баардык аялдар эркектерге эч качан айтпаган сырлар бар. Алар кайсылар?

27 март 2019 17:40 8084 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамиле түзүү татаал нерсе.Биргелешкен жашоодо жубайлар бири-биринен эч нерсе жашырбайт деп эсептеп жүрсөңүз жаңылышасыз. Чындыгында көп айымдар өзүнүн шеригинен же жубайынын жашырып койгон сырлар бар. barometr.kg аларды төмөндө сунуштайт.

Мамилелер келишпей баштаганда

Мындай учурда көп аялдар маселесин жубайы менен чечкендин ордуна курбуларына, апасына, туугандарына айтып арызданат же болбосо психологго кайрылат. Анын максаты жубайы менен мамилени сактап калуу. Ошол эле маалда эркек киши ал тууралуу маселени аялы жакындары менен талкуулап, ал эч нерсе билбей четте калганын баамдап да койбошу ыктымал. Бул жакшыбы? Албетте жок. Псхигологдор маселе келип чыкса жубайы менен талкуулап мамилелерди андан ары оңдоону сунушташат.

Сексуалдык табиттер

Төшөк мамилеси-үй-бүлө очогундагы маанилүү нерсе.Тилекке каршы көп учурда аялдар өздөрүнүн эмнени кааларын же каалабасын айтпай коюшат. Бул жерде да айымдар эркектин көңүлүнө тийип аламбы деп чочулашат.

Жеке ийгиликтерин айтпайт

Статисткалык сурамжылоо көрсөткөндөй аялдар үйүндө жумушта жетишкен ийгиликтери, айлык акысынын жогорулашы же жеке амбициялары, пландары тууралуу көп айта бергенди жактырышпайт. Алардын көбү жубайы менен мелдешке чыгып калуудан тартынышат.

Акча жашырып коюшат  

Көпчүлүк айымдар кайсы буюмды же кийимди канча акчага алганын так айтышпайт. “Көрүп көңүлү оорубасын” деген принципти карманышат. Кээ бир айымдар узак убакыт бою, ал тургай өмүр бою жубайына билгизбей тапкан акчасынын бир бөлүгүн жашырып алат.  

Кайын энесине карата жаман көрүүсүн жашырат

Бир үй-бүлөдө кайын эне менен келин батышпай калган учурлар көп болот. Ошондуктан көп айымдар күйөөсүнүн апасын жаман көрө турганын ага айтпайт. Билгизбей жүрө берген аялдар өз кезегинде ачуусун чыгарышы да мүмкүн. Бул учурда эркек анын аялы менен апасынын ортосундагы мынчалык тиреш качан башталганын билбей башы маң болуп калышы мүмкүн.

Ошондуктан айымдардын сырларына кызыгып, алар менен мамилени жакшыртууга, жан дүйнөсүндө болуп жактан өзгөрүүлөрдү билип туурууга аракет кылганыңыз жөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/baardyk-ayaldar-erkekterge-ech-kachan-ajtpagan-syrlar-bar-alar-kajsylar



Добавить комментарий