Жумуш издегендер көңүл бургула! Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекиясында 52 бош орун бар
Азыркы учурда Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекиясында 52 бош кызмат орду бар. Бирок, кызматкелер көп кетип жатканына байланыштуу келерки аптада алардын саны алтымыштан ашышы мүмкүн. Бул тууралуу инспекциянын башчысы Мырзабек Жапаркулов Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде мекеменин 2020-жылга карата иш-планы жана тармактык артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.
Депутат Алмасбек Акматов акыркы мезгилде Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекиясынын көптөгөн кызматкерлери пара менен кармалганын эске салып, мекеме жетекчилиги тарабынан бул багытта кандай чаралар көрүлүп жатканына кызыкты.
«Уша тапта 6 кызматкер камакта отурат. Бүгүн Таласта дагы 2 кызматкер кармалды деген маалымат бар. Мунун баары деги качан тыйылат?», - деген собол салы эл өкүлү.
Мекеменин башчысы чынында алар ушундай оор акыбалга кабылып жатканын танган жок.
"Мен инспекцияга жаңыдан жетекчи болуп келерим менен эле баардык ишти ушундан баштадым. Кызматкерлерди таза иштеп, мекеменин абыроюн көтөрүүгө чакырдым. Азыр алардын эмгек акылары өтө аз, айына 9-12 миң сомдон маяна алышат, ошондон улам болсо керек, кызматтан бошонгондор көп. Кызматкерлердин маянасы көтөрүлсө жакшы болмок», - деди инспекциянын башчысы Мырзабек Жапаркулов.
Депутат Мухтар Айнакулов Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясын ордо калаадагы таза суунун өздөрү каалайгандай коромжу кылып жаткан автомашина жуучу жайларга карата тийиштүү чараларды көрбөгөнү үчүн сынга алды.
«Шаардын чок ортосунда андай жайлар жайнап кетти. Аларды кимдер кандай, кантип иштетип жатат, текшерген киши жок. Кыскасы өздөрү каалаганынын жасайт. Таза суу май менен кошо агып жатат», - дер кошумчалады эл өкүлү.
Добавить комментарий ×