Азиз Суракматов мэриянын аппаратынын жетекчилигине Балбак Түлөбаевди сунуштады

14 август 2018 21:45 1725 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектин жаңы мэри Азиз Суракматовду жамаатка тааныштырды. Бул туурасында 24.kg маалымат кызматы жазды. Шаардын жаңы шайланган башчысы кадр маселелерин узакка создуктурган жок. Ал мэриянын аппаратынын жетекчилигине «Аю холдингдин» вице-президенти Балбак Түлөбаевди сунуштады. 

Балбак Түлөбаев 45 жашта.  Ал Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Көл-Төр айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 2013-жылдан бери "Аю Холдинг" компаниясында директордун орун басары жана кеңешчиси болуп келген. 

Ссылка: https://barometr.kg/aziz-surakmatov-meriyanyn-apparatynyn-zhetekchiligine-balbak-tlbaevdi-sunushtady



Добавить комментарий