Азия MIX командасындагы бир тууган Кененсаровдордун чоң апасы Какен Кененсарова дүйнөдөн кайтты
Бөлүшүү:
Asia MIX командасындагы ага-инилер Эльдияр менен Эрмек Кененсаровдордун чоң энеси Какен Кененсарова 87 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Эльдияр Кененсаров соцтармакка чоң энесин эскерип калтырган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Кененсарова Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында жашап өттү.
Какен Кененсарова 29-сентябрда дүйнөдөн кайтты. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 1-октябрда болот.
Какен Кененсарова райондо алгачы талантуу, ырчы айым болгон. Ал жолдошу менен 50 жыл жашап, 9 баланы тарбиялап өстүргөн.
Добавить комментарий ×