Азия чемпиону: Армиядагы темирдей тартип спорттон ийгилик жаратуума себеп болду

17 июнь 2022 12:21 7224 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Самбо боюнча Азиянын чемпиону, ИИМдин ички аскерлеринде кызмат өтөп жаткан Дайырбек Карыяев ар бир кыргыз жигитин намыскөй, мекенчил болууга чакырды. Бул тууралуу "Барометр" маалымдайт.

Карыяевдин айтымында, учурда да мекендин коопсуздугун камсыздоо үчүн кызматын өтөп  жүргөн эр жүрөк мырзаларыбыз жок эмес. 

Дайырбек  Карыяев 1994-жылы Ош облусундагы Кара-Кулжа районунда туулган. Төрт бир тууган. ИИМдин Ички аскерлеринде кызмат өтөп жатканына 3 жылдын жүзү болду.  Спорт менен 10 жылдан бери алектенет. Спортто жараткан ийгиликтерине баш баксак, самбо боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын 6 жолку, Гардеев атындагы эл аралык турнирдин 4 жолку, 2021-2022-жылдары Азиянын 2 жолку чемпиону аталган.  

Дүйнө чемпионатынын 2 жолку күмүш медалынын ээси.

Дүйнө кубогунун (World sambo cup) 2 жолку чемпиону.

“Биринчиликке кармашуу-2021” самбо боюнча чемпионатынын чемпиону болуп, мамлекетибиздин желегин эл аралык аренада желбиретип, намыска жарап, кыргыз элинин сыймыгы болууга жетишкен.

Ошондой эле, Ливан Республикасынын Джуния шаарында 4-июнда өткөн Самбо боюнча биринчиликте атаандаштарын жеңип, алтын медаль тагынып, күжүрмөн самбо боюнча Азиянын чемпиону аталды.

“Спорт менен кызматта бир учурда ийгилик жаратуу оңойго турбайт. Чынында көп кыйынчылыктарды жеңип, мээнет кылган жердин аягы таттуу болот деген чын экен. Самбо дагы берилгендикти, эмгекти жана жоопкерчиликти үйрөтүүчү спорт болгондуктан, мени жакшы жакка тарбиялап, намыскөй кылып койду.  

Мекенге кызмат кылуу ар бир атуулдун милдети деп билемин.  Ошон үчүн мамлекет бизге эмне кылып жатат дебестен, биз мамлекетке эмне кылдык деген суроону өзүбүзгө узатып, жообун издешибиз керек. Ошондо гана өлкөбүзгө абийирибиз менен кызматыбызды кылып, чыныгы мекенчил уул-кыздардан болмокпуз деп ойлойм. Ошондуктан өлкөбүздүн туруктуулугу менен коопсуздугун коргоп, мекен алдындагы жигиттик парзымды аткарып келе жатканыма сыймыктанам. Андыктан армиядагы темирдей тартипке  моюн сунуп, спорттогу режим менен армиянын тартибин бириктире алгандыгым үчүн ийгиликтер жаралып жатат десем жанылышпайм”, -дейт Карыяев.

Ал жакында Кыргызстанда өтө турган Дүйнө кубогуна, андан соң Дүйнө биринчилигине катуу даярданып жаткан кези.  

Ссылка: https://barometr.kg/aziya-chempionu-armiyadagy-temirdej-tartip-sportton-ijgilik-zharatuuma-sebep-boldu



Добавить комментарий