Азия чемпионатында биздин балбан жигиттер 7 медаль тагынышты

24 июнь 2022 13:12 1523 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Азия чемпионатында 7 медаль жеңди. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына шилтеме берип "Барометр" биддирет.

Маалым болгондой, күрөш түрлөрү боюнча Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча курама команда 7 медаль жеңди — 3 алтын, 4 күмүш.

23 жашка чейинкилер арасында беттештер 23-июнда башталып, жети салмак категорияда грек-рим күрөшү боюнча балбандар килем үстүнө чыккан.

1-орун — Адилхан Нурланбеков (72 кг);

1-орун — Акылбек Талантбеков (77 кг);

1-орун — Бексултан Назарбаев (82 кг);

2-орун — Нурмухаммет Абдуллаев (60 кг);

2-орун — Аманат Самат уулу (67 кг);

2-орун — Данияр Шеримбеков (97 кг);

2-орун — Ерлан Манатбеков (130 кг).

Эскерте кетсек, 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-июнда старт алган. Бүгүн, кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/aziya-chempionatynda-bizdin-balban-zhigitter-7-medal-tagynyshty



Добавить комментарий