Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан президенттин аппаратына кызматка келдиби?
Руслан Бекназаров Жалал-Абад областындагы Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматынан кетти. Бул тууралуу маалыматты райондук администрациядан тастыкташты.
Бекназаров кызматтан кетүү тууралуу арызын июнь айынын башында жазган.
Учурда Руслан Бекназаров президенттин аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүндө эксперт катары жумушка киргени кабарланды. Бул тууралуу маалыматты президенттин аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Саякбай Субанов тастыктады.
Эскерте кетсек, Руслан Бекназаров, белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу.
Ссылка: https://barometr.kg/azimbek-beknazarovdun-uulu-ruslan-prezidenttin-apparatyna-kyzmatka-keldibi
Добавить комментарий ×