Азимбек Бекназаров гезитке баяндамачы болуп орношту
Бөлүшүү:
Убактылуу ѳкмѳттүн мүчѳсү Азимбек Бекназаров кесибин ѳзгѳрттү. Ал «Жаңы Ордо» гезитине баяндамачы болуп иштеп жатат. Бул тууралуу гезиттин редактору Нааралы Асанбаев “Barometr.kg” сайтына маалымдады.
Анын айтымында, Азимбек Бекназаров тѳрт аптадан бери иштеп алгачкы макалалары гезит бетине жарыялап жатат.
«Аны саясый баяндамачы катар ишке кабыл алдык. Негизинен тарыхый негиздерге таянуу менен ар маселени чагылдырууда. Унчукпай коюга укугум жок деген рубрика менен, кыргыз тили, эгемедик күнү тууралуу маалыматтары гезит бетине жарыяланды»,- деди редактор Нураалы Асанбаев.
Ссылка: https://barometr.kg/azimbek-beknazarov-kesibin-zgrtt
Добавить комментарий ×