Ажылардын алгачкы тобу бүгүн түнү Мединага учат
Бөлүшүү:
Ажылардын алгачкы тобу бүгүн түнү Сауд Арабиясына учуп кетет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган маалыматка таянсак, биринчи каттам менен 392 ажыга барчулар жана 8 ажы башчы барат. Аларды «Манас» аэропортуна муфтий Максат ажы Токтомушев узатып бармакчы.
Муфтият ажыга барчуларды каттамга кечикпөөнү өтүндү.
Баардыгы болуп ажыларды 18 каттам менен жеткиришет.
Эскерте кетсек, быйыл 6010 адам жөнөтүлөт. Өткөн жылы 5485 адам ажыга барган.
Ссылка: https://barometr.kg/azhylardyn-algachky-tobu-bgn-tn-medinaga-uchat
Добавить комментарий ×