“Азаттык” - Матраимовдор чыры: Кабарчыларды жеткирген таксит да окуя боюнча көрсөтмө берди
«Азаттыктын» чыгармачыл тобун Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнө алып барган жеке таксисттин да өздүгү аныкталып, окуя боюнча көрсөтмөлөрүн берди.
Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) маалымат кызматы билдирди.
Милиция учурда окуя боюнча жаңы күбөлөр болсо аларды аныктоо, көрсөтмө алуу боюнча иштерин улантып жатат. «Азаттык» радиосунун кызматкерлери окуя боюнча өз көрсөтмөлөрүн беришкен. Далил буюмдары катары алынган видеоаппаратураларга экспертиза дайындалды. Эксперттер буюмдардын техникалык абалын жана ичиндеги жазуулардын бар же, жоктугун карап, бүтүм чыгарып беришмекчи.
Башынан жарат алган 1989-жылы туулган Ош шаарынын тургуну ооруканаларынын биринде дарыланып жатат. (Арызында «дрон кулап кетти» деп көрсөткөн)
2019-жылдын 1-сентябрында, Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн 1977-жылы туулган тургуну Ош ШИИБне дагы арыз менен кайрылган. Ал арызында үй-бүлөсү тууралуу кооптонуп жаткандыгын, «Азаттык» радиосунун кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар же, жоктугун аныктап, үйүнүн жайланышы тууралуу ошол кылмыштуу топторго видеотасманы берилгенин, же берлиген эместигин аныктап берүүнү суранган.
30-сентябрь күнү Ош шаарынын тургуну К.С. кайрадан арыз менен кайрылып, «Азаттык» радиосунун кабарчысы Ы.И. тарабынан ири суммадагы акча талап кылгандыгы боюнча мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү өтүнүп, күбө катары 2 жаранды ээрчитип келген. Анын арызы Ош ШИИБнын кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталган.
К.С. өз арызында «Ы.И. менин офисиме келип, «мага 5000 доллар бербесең-интернетке чыгарамын. Болбосо «Лексус» машинаңды бересин» деп опузалады. Көңүлүмдөн чыгарып, 100 миң берейин деген сунушуму четке кагып, интернетке жарыялады», - деген мазмундагы маалыматтарды көрсөткөн.
Бул арыз боюнча мурда токтотулган иш кайра жандандырылды. Анткени, К.С.нын 2019-жылдын 4-апрелде катталган ушундай эле мазмундагы арызы далилдердин жетишсиздигинен кыскартылган болчу. Учурда ыкчам иликтөө иштери уланууда.
Добавить комментарий ×