Оштогу Кара-Суу районунун аймагынан мыйзамсыз сакталган курал-жарактар, октор табылды

12 сентябрь 2018 22:00 2147 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун аймагынан мыйзамсыз сакталган куралдар менен октор табылды. Бул тууралуу жогоруда аталган мекеменин  басма сѳз кызматынан  билдиришти. 

Маалыматта айтылгандай, 11-сентябрда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенуу кызматынын кызматкерлери тарабынан, уурдалган жана тартып алынган ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактаган жарандарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан оперативдүү иш чаралардын алкагында атайын операция жүргүзүшүп, Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынан мыйзамсыз сакталып турган куралдарды жана аларга окторду алышты. Алынган ыкчам маалыматты текшерүү боюнча, жүргүзүлгѳн жогорудагы аты аталган кызматтын кызматкерлери,ИИМдин атайын «Шумкар» отрядынын жоокерлери менен биргеликте Ош облусунун Савай айыл аймагында жайгашкан, 1986-жылы туулган М.Р-вдун үйүндѳ тинтүү иштери жүргүзүлгѳн. Натыйжада, аталган жарандын короосунан, жерге жыгач ящиктин ичине салынып, атайын кѳмүлүп койгон жеринен куралдар жана октор алынды. 

Алар:

-«АК-74» үлгүсүндѳгү Калашников автоматы, 2 даана окчонтою (магазини ) менен;

-«КО-8,2» үлгүсүндѳгү сайлуу карабин-мылтык;

-29-даана 7.62 үлгүсүндѳгү Калашников автоматынын октору;

-Ок салуучу цинк ящигиндеги 7.62 калибриндеги 360 даана ок;

-«Blow» үлгүсүндѳгү сигнал берүүчү тапанча;

-Дүрбү;

-Куралдын үнүн басаңдатуучу кошумча тетик (глушитель).

Бул фвкт боюнча Ош шаардык ИИБнын тергѳѳ кызматы тарабынан мыйзамсыз ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды сакатагандыгы үчүн КР кылмыш кодексинин 245-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергѳѳ иштери жүрүп жатат.

Алынган куралдарга тиешелүү экспертизалар дайындалды. Алардын башка кылмыштарга тиешеси териштирилет.

Аталган кылмыш ишинин алкагында үй ээси 32 жаштагы М.Р-в убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтѳѳ иштеринин жүрүшүндѳ, мыйзамсыз куралдарды, окторду сактоого шектүү катары кармалган М.-Р-в, уюшулган кылмыштуу топтун мүчѳсү, учурда каракчылык менен айыпталып тергѳѳ изоляторунда отурган 34 жаштагы Н.Р-вдун бир тууган иниси экендиги аныкталды. 



Ссылка: https://barometr.kg/oshtogu-kara-suu-rajonunun-ajmagynan-myjzamsyz-saktalgan-kural-zharaktar-oktor-tabyldy



Добавить комментарий