Ошто Салык кызматынын кызматкери сабалып, ооруканага түштү

2 февраль 2019 10:38 1574 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Оштогу Араван районунда Салык кызматкери сабалып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Ош ШИИБи билдирди. 

Маалыматка ылайык, ички иштер башкармалыгына 1-февралда Араван районунан 49 жаштагы М.А аттуу тургунунан арыз келип түшкөн. Арызда айылдашы тарабынан сабалганын айтып, чара көруүсун суранган. Териштирүүдөн кийин ошол айылдын Ф.Н аттуу тургуну кармалган.

Учурда бул иш боюнча "бейбаштык" беренеси менен иш козголду. Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин шектүүнү убактылуу жайга киргизүү же киргизбөө маселеси чечилери айтылды.

Ал эми сабалган жаран Араван райондук Салык кызматынын кызматкери экендиги такталды. Бирок, окуяга жабырлануучунун кызматынын тиешеси жок, ал экөө кошуна болгондуктан көптөн бери өз ара пикир келишпестикте болуп келген деп билдирет басма сөз кызматы. 

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-salyk-kyzmatynyn-kyzmatkeri-sabalyp-oorukanaga-tsht



Добавить комментарий