Азамат Байматов: Тимур Файзиев сен гив ойнотуп, сүйлөгөндөн башканы билбейсиң
Кыргызстанга белгилүү курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевдин соц тармакта түз эфир учурунда футбол деңгээли төмөндөр үчүн акылсыз оюн деген сөзүнө футболчу Азамат Байматов жооп кайтарды. Бул тууралуу Байматовдун соц тармакка жарыялаган маалыматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 4-сентябрда ишкер Тимур Файзиев футбол тууралуу талаштуу сүйлөгөн видео пайда болду. "Сиз стадион кура аласызбы?", -деген суроого ал мындай деп жооп берди: “Мен кыла алам, бирок каалабайм. Себеби футбол - деңгээли төмөн адамдар үчүн акылсыз оюн ”, -деген.
Бул көптөгөн социалдык медиа колдонуучуларынын, анын ичинде футболчулардын жана футбол кызматкерлеринин кыжырына тийди. Биринчилерден болуп ишкерге жооп берген белгилүү футболчу Азамат Байматов. Ал видеонун астына катаал жооп калтырган.
«А сен бир үй саласың, экинчисин саласың, анан эмне? Бул карапайым элге эмне тиешеси бар? Карапайым эл - бул биздин дүйнөлүк күйөрмандар. Алар дүйнө чемпионатынын катышуучулары Японияга каршы оюнга акыркы 500 сомуна билет сатып алып, кыргыз футболчуларын колдоого келгендер. Сен аларды популистер деп кемсинттиң! Ооба, бизде стадион жок, сиздей пессимисттердин айынан биз эшикте ойноп жатабыз. Эмне үчүн муну жалгыз Салымбеков жасашы керек? Мен сизге муну айтам, сен кыла албайсың, анткени сен пиарчы адамсың, сен гив ойнотуп, сүйлөгөндөн башканы билбейсиң! ”, - деп жооп кайтарды футболчу.
Ссылка: https://barometr.kg/azamat-bajmatov-timur-fajziev-sen-giv-ojnotup-sjlgndn-bashkany-bilbejsi
Добавить комментарий ×