Аялын өлтүрдү деп шектелген миллионер кармалды
Бөлүшүү:
Полиция 70 жаштагы норвегиялык миллионер Том Хагенди кармады. Ал аялын өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелүүдө.
VG басылмасынын жазышынча, миллионердин аялы Анна-Элизабет Хагенди 2018-жылы октябрда белгисиз бирөөлөр уурдап кеткен. Алар аялды кайтырып берүү үчүн 9 миллион еврону криптовалюта түрүндө талап кылышкан. Эгер ал аткарылбаса аялды өлтүрө турганын айтышкан. Анна-Элизабет бүгүнкү күнгө чейин табыла элек.
Полиция 70 жаштагы миллионерди артынан аңдып, ал аялын өлтүрүүгө катыштыгы болушу мүмкүн деген шектенишкен. Өз кезегинде Хаген ага тагылган айыптардын бардыгын четке кагууда.
Ссылка: https://barometr.kg/ayalyn-ltrd-delgen-millioner-karmaldy
Добавить комментарий ×