Аялдын көзгө чөп салып жүргөнүн кантип билсе болот?

12 март 2019 14:38 24758 2 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эгерде эркектерде аялы анын көзүнө чөп салып жүрөбү деген шектенүү пайда болсо, аны оңой жол менен билүүнүн ыкмалары бар.

Аялы күйөөсүнүн көзүнө чөп салып жүргөндүгүнүн белгилери кандай?

Эң биринчи белгиси- аялзатынын тышкы келбетинин кесин өзгөрүшү. Жашыруун сүйүктүү адамын тапкан кезде, аны менен сүйлөшкөн учурда аялдар жагымдуу болууга аракет кылат, көбүрөөк сулуулук салондоруна барып, диета кармайт. Ошондой эле бирөөнү сүйүп калган айымдын көздөрү оттой жанып балбылдап турат.

Таң калыштуусу сол иштерди кылып жүргөн аялдар тескерисинче күнөөнү жолдошунан издеп, аны кызганып чыр-чатак чыгарышы да мүмкүн. Муну психологдор проекция деген кубулуш менен түшүндүрүшөт.Тактап айтканда аял өзүндөгү жүрүм турумдарды башкалардан издей баштайт.  

Эгерде эркек киши аялы анын алдап жүрөбү билгиси келсе кылган эркелетүү мамилелериндеги өзгөрүүнү да байкаса болот. Башка бирөөнү жактырган аял күнүмдүк турмуштук жана төшөктөгү милдеттерин жакшы аткарууга тырышат. Бирок эркелетүүсүн көңүлдөшүнө арнайт.

Дагы бир белгиси аялдар өзүнүн жаңы сүйүктүүсүнүн жүрүм-турумун боюна сиңире баштайт. Анын лексиконунда көңүлдөшүнө тиешелүү жаңы сөздөр пайда болушу толук мүмкүн.

Күйөөсүн алмаштырып жүргөн аял мүмкүн болушунча андан алыстоого тырышат. Анын дайыма кайсы бир иши чыгып, жумушунда кошумча нөөнөттөр пайда болот. Эмоционалдык жаткан кош көңүл болот.   

Жыныстык адаттарда да олуттуу өзгөрүү жүрөт. Аял же болбосо өтө кумарлуу аялга айланат же тескерисинче төшөктө эч нерсеге көңүлү келбей калат.Кээде мындай аялдар төшөктөн качып, ар кандай шылтоо издейт.

Телефонундагы СМС каттарды тазалап, ага сыр сөз киргизет, социалдык түйүндөгү паролдорун өзгөртүп салышы мүмкүн. Телефон чалганда көп учурда албай коет. Сумкасынан күтүүсүз жерден бойго бүтүрбөөчү каражаттар, сувенирлер жана башка буюмдар чыгышы ыктымал.

Жогоруда саналгандын баардыгы тең кыйыр белгилер болуп эсептелет. Адистер буларды эске алууга, ошентсе да чыныгы далил болмоюн жубайыңыздан ыгы жок шек санап, соңун чатакка айландырбоого кеңеш беришет.

Ссылка: https://barometr.kg/ayaldyn-kzg-chp-salyp-zhrgnn-kantip-bilse-bolot



Добавить комментарий