Аял жолдошу менен ойношунан бир учурда боюна бүтүп эгиз төрөдү

28 март 2019 10:28 2634 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кытайдын Фуцзянь провинциясында аял ойношу менен жолдошунан бир учурда эгиз балдарды төрөду. Бул тууралуу "Сегодня" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кытай аял эгиз балдарды дүйнөгө алып келген. Ал эми жолдошу балдардын бири ага таптакыр окшошпой жатканын байкап калган.

Кийин ал балдарды каттоодон өткөрүү маалында ДНК анализ тапшыруу чечимин кабыл алып, жыйынтыгында балдардын биринин атасы башка экендиги аныкталган.

Аял алгач бул жагдайда жолдошун жалган тест жасатты деп күнөөлөп, бирок кийинчерек анын көзунө чөп салганын моюндаган. Ал эми жолдошу өзүнүн биологиялык баласын гана багаарын билдирген.

Ал эми окумуштуулар бул тууралуу эки бөлөк өнөктөштөн бир учурда бойго бүтүү жаныбарларда кездешээрин жана адамдарда мындай жагдай дээрлик жокко эсе болсода абдан сейрек кездешээрин белгилешүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/ayal-zholdoshu-menen-ojnoshunan-bir-uchurda-boyuna-btp-egiz-trd



Добавить комментарий