Эки баштуу эгиз балдар төрөлдү. Дарыгерлер аларды бөлүү үчүн БУУдан жардам сурашууда

8 февраль 2019 08:58 1769 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Йеменде өзгөчө эки баштуу сиам эгиздери жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Day.Az басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, эки жума мурун төрөлгөн балдардын ар бириники өзүнчө баш, арка, өпкө, жүрөк жана ашказаны башка. Бирок, алардын өпкө, бөйрөк жана колу-буту бир. Денеси бир экендигине карабай ымыркайларга эки бөлөк ат берилди. Бирин Абдул-Хамид экинчисин экинчисин Абдул-Рахим деп аташты.

Йемендик дарыгерлер ымыркайларды тез аранын ичинде дарыланууга чет өлкөгө барышы керектигин айтышып БУУга кайрылып жардам сурашкан.

Шаардык педиатрдын айтымында Йеменде саламмык сактоо тармагынын деңгээли төмөн болгондуктан, ымыркайлар ал жерде аман калбашы мүмкүн. Чет өлкөлөрдөн балдарды экиге бөлүү операциясын жасаган дарагерлер бар экендигин да айтышууда


Ссылка: https://barometr.kg/eki-bashtuu-egiz-baldar-trld-darygerler-alardy-bl-chn-buudan-zhardam-surashuuda



Добавить комментарий