Аял затынын радикалдуу уюмдарга тартылып, алданып жаткан көйгөйлүү маселелери эмнеде?

10 октябрь 2020 10:54 643 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Заманбап технологиялардын ишке кириши менен ар кандай туура эмес, жалган маалыматтардын жайылышы күч алууда, деп айтып келишет адистер. Бүгүн биз аял заты эмнеге радикалдуу уюмдарга тартылат, алданат?- деген суроого жооп издейбиз.

Бул суроону  «Мутакалим» уюмунун жетекчиси Фронтбек кызы Жамалга узаттык.

Адамдар эмнеге радикалдашат? Алдын алууда кандай иштер аткарылып жатат?

-Албетте, маалыматтын аздыгы, диний уюмдардан радикалдашып жатканы алардын дин боюнча маалыматы аз. Дин боюнча, диний түшүнүктөр боюнча маалыматтардын жоктугу. Азыр 21-кылымда интернет күч алгандыктан интернет имамдар көп болуп кетти. Интернеттен алган маалыматты туура кабылдап алганы. Биздикилердин критикалык ой жүгүртүсүү жок болуп жатат. Жарандарыбыздын совет доорунан бери кандай маалымат болсо, текшербей, ошондой кабылдап, көнүп калган. Башка официалдуу булактардан тактап, салыштырбайт. Интернетте чыккан маалыматтын баары «туура» дегенден алыс болшубуз керек.

Ал кесилген, фотошоп менен оӊдолгонбу, атайын таратып жатабы, ушул нерселерге көӊүл бурууну үйрөнүшүбүз керек. Ошондуктан ал нерселерди айырмалоо боюнча коомго туура маалымат берүүгө тажрыйбабыз жетишпей жатат.

Азыркы учурда концепциянын негизинде 9-11 класстарга мектепте дин сабагы киригизилип жатат. Себеби дин тууралуу маалымат алып, айырмалоого шарт түзүлөт. Миграциянын дагы таасири чоӊ болуп жатат.  Жарандарыбыз, ар кайсы өлкөгө барып, жумуш издеп, ал жактан ар кандай адамдар менен жашап калышат. Көпчүлүк учурда экономикалык мүчүлүштүктөрдөн улам, карыздары болгондуктан алардын айткан маалыматтарына, өзгөчө жаш балдар ишенип ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Мындан тышкары интеллигенция дагы алданууда. Дарыгерлердин өлкөбүздө айлыгы аз болгондуктан, силерге жакшы айлыгы көп жумуш сунуштайбыз десе, алар кетип жатат. Ошондон ары алып кетип жатышты.

Бирок эмне себептен, алардын арасында аял заты көбүрөөк болуп жатат. Отуз пайызга жакыны радикалдашып кеткен. Анын себеби күйөөлөрүнүн артынан кеткени. Жолдошум ал жакта мен дагы ага жакын болоюн деп кетишкен. Кээ бир аялдар ал жактан кайтып келген. Себеби алардын айтымында, жолдошума баргам, бирок автобустан автобуска салып, кайда барганымды билбей калыптырмын деп өкүнгөнүшкөн. Арасында адашып барганын түшүнүп, келгендер да жок эмес. Ал эми башкалары атайын эле барып халифатта жашайм, деп радикалдуу ой жүгүрткөнү да бар. Ал жакка барып бактылуу болом дегендер да жок эмес. ϴзбекстан, Казакстан Тажикистан башка дагы кээ бир мамлекеттер  өзүнүн жарандарын кайтарып келишти. Кыргызстан бул маселенин үстүндө иштеп жатат. Себеби буга чейин алып келебиз деген план болгон.

Аларды алып келгенден мурда да ойлонушубуз керек. Кантип реабилитация жолун ишке ашырабыз. Коӊшу өлкөдөгү тажрыйбаны көрүп жатабыз. Бул нерсе бир эки айда эле чечилип калбайт экен. Эӊ аз дегенде беш жылда чечилген иш экен. Эгер алып келсек кыргызстанда алар менен иштешүүгө даяр адисттер барбы. Коӊшу өлкөлөрдүн тажрыйбасында, адистердин айтымында күнүгө күтүүсүз жаӊы иш аракеттерди талап кылат экен.  Стратегияны ойлонуп, кадам ташташыбыз керек. Эгер биз аларды алып келгенде дагы коомдун кабылдоосу ар башка. Бир тарабы алып келбегиле, кереги жок бизди өлтүрөт. Кичинекей баласы эле автомат кармаганды билет десе.

Коомдогу экинчи катмар аларды алып келүүнү суранат. Себеби алар биздин тууганыбыз, кызыбыз, жээнибиз дешет. Бирок алып келгенде дагы коомдо жашоону үйрөтүү керек. Кичине баланы майда-чүйдөгө чейин үйрөтөт эмеспизби. Ошондой эле, аларга да жашоону үйрөтүү керек болот.

 2014-жылы атайын концепция кабыл алынган. Экстремизм менен терроризм боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген. Укук коргоо органдары жана башка бейөкмөт уюмдар жарандарга туура маалымат таратуу иштерин жүргүзүштү. Түшүндүрүү иштери абдан көп болду.

Ошол учурда, мессенджер аркылуу бул жакта жаман экен, жок дегенде балам тирүү калсын, аны алып кеткилечи деген маалыматтар жана башка дагы маалыматар тарап жатты. Элдин көбү офицалдуу маалыматка ишенип калышты. Азыркы күндө дагы бул радикализм боюнча маалымат таратуу иштери уланууда. Канчалык маалымат таратуу жолун тиешелүү органдар бөгөт койгон болсо, радикалдуу уюмдар жаӊы ыкмаларды ойлоп табууда. Мамлекет контратака жазсаганды үйрөндү.

Ал эми медреселерде окуган кыздар радикалдашпайт деген кепилдик барбы?

Биз бир стереотиптүү ой жүгүртөбүз да, медреседе окуган кыздар редикалдашпайт, ал эми жөнөкөй кыздар гана радикалдашат деп. Бул туура эмес, радикалдуу башкача ой жүгүртүүгө ар бир жаран кириши мүмкүн. Себеби алардын ыкмалары ар башка.Мисалы медреседе окугандар үчүн өзүнчү ыкма, диний билими жок адамдарга башка ыкма колдонушат. Эӊ негизгиси ар бир маалыматты уккандан кийин сөзсүз беш алты маалымат булактардан башкача айтканда, муфтияттын сайтынан карап, орусиянын татарстандын сайттарынан карап салыштыруу керек. Расмий булактардан карап салыштыруу керек. Критикалык ой жүгүртүшү керек. Медреселерде окутуулар муфтияттын көрсөтмөсү менен өткөрүлөт.

Бул басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну автордуку жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Ссылка: https://barometr.kg/ayal-zatynyn-radikalduu-uyumdarga-tartylyp-aldanyp-zhatkan-kjgjl-maseleleri-emnede



Добавить комментарий