“Аял кулак менен, эркек көз менен сүйөт”

18 март 2019 00:25 3872 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Аял кулак менен эркек көз менен сүйөт”,- деген сөздү уккан чыгарсыз. Аялдын өзүнө деген ишенимдүүлүгүн жоготкон бир гана сөз бар. Ал-сөз. Сүйгөн жарынан сөгүш уккан аял өз-өзүн төмөн сезет. “Сенин колуңан эмне келет?”, “Элдин аялдары бышык”, “Сени ким карамак эле”, “Тамакты дамдуу жасай албайсын”, “Сулуу болбой калдын” деген сыяктуу сөздөрдү уккан аял күнөнү өзүнөн издеп, аягында “Мен кимге керекмин?!”  деген ойго келет. Өзгөчө биздин коомдо аялдардын өздөрүн таштап жиберери ушундан. 

Үй-бүлөдө баары аялдын колунда болсо, аял эркекке багынат. Сын аялдын баасын төмөндөтөт. Сын-пикир аялдын өзүн чарасыз, керексиз, колунан эч нерсе келбеген адам катары сезүүсү үчүн жумуш иштейт. Бул жерде бир нерсени тактап алуу керек. Сындын эки түрү бар: орундуу жана орунсуз.

Орунсуз сынды уга берген аял өзүн төмөн сезип, чөгө баштайт. Ал эми орундуу сынга келе турган болсок, бул тескерисинче, жуптун мамилелерин бекемдетүүгө багытталат. Аялын төмөндөтүүгө көбүнчө өз-өзүнө ишенимсиз эркектер барат. Алар ушул ыкма аркылуу өзүнүн баасын көтөргүсү келет. Ал эми чынгы мырзалар эч качан аялына “Сен кимоге керексиң?” деген сөздөрдү айтпайт. Сөздүн кудурет-күчү чексиз дейбиз. Чындыгында бир сөз менен адамды өлтүрүп, бир сөз менен көкөлөтүп көтөрө алабыз. Пенденин жаратылышы ушундай.

Ошондуктан көп учурда аялыңызга жылуу сөздөрдү айтып, отурганыңыз оң.        


Ссылка: https://barometr.kg/ayal-kulak-menen-erkek-kz-menen-sjt



Добавить комментарий