Аял беш сааттык төшөк кумарынан кийин каза тапты, артында үч баласы калды

30 март 2019 12:09 52364 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 “Абдан эле активдүү жашоо зыян, ал тургай сүйүктүү адам менен болгон жакын мамиле дагы өлүм менен аякташы мүмкүн”,-деп жазды Q’Hubo  булагы.

Колумбиянын Кали шаарында март айынын башында 32 жаштагы аял өзүнүн 40 жаштагы жигити менен 5 сааттык төшөк марофонунан соң көз жумду. 

Алар жакын мамиледен алган ырахатты сонун кылабыз деп экөө тең стимулятор дарыларды ичип алышкан экен.

Аял өзүн жаман сезип бир аздан кийин калтырап титиреп полго кулап түшүп жан берген. Шеригинин жүрөгү түшүп анын денесин шейшепке тез арада ороп, колуна көтөрүп алып  Дель Валле университетинин ооруканасына алып келген. Хирургдар аны реанимация кылуу пайдасы жок деп каза тапканын айтышты.

40 жаштагы эркектин жана 32 жаштагы аялдын ысымдары ким экени айтылган жок. Аялдын артында үч баласы томолой жетим калды.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/ayal-besh-saattyk-tshk-kumarynan-kijin-kaza-tapty-artynda-ch-balasy-kaldy



Добавить комментарий