Автокырсык. Бир адам өлүп, дагы жетөө жаракат алды

19 февраль 2019 10:27 1575 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көлдүн Тоң районунда кечээ авто кырсык болуп бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады. Кырсыктан дагы 7 киши ар кандай жаракат алган. Окуя кечээ 18-февраль күнү саат 21:40та Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 69-чакырымында (Ак-Сай айылы) “Тойота ист” жана “Ауди С-4” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

КР ӨКМнин №38 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жеринде жаракат алгандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми каза болгон эркек кишинин денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/avtokyrsyk-bir-adam-lp-dagy-zhet-zharakat-aldy



Добавить комментарий