Аты келип, өзү жок. Нарында 50 жаштагы киши дайынсыз болууда
Нарында мал издеп кетип, минип жүргөн аты келип, өзү жок болуп жаткан адам изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Кечээ, 28-июнда Ат-Башы районуна караштуу Өзгөрүш айыл аймагына тиешелүү Жаңы-Жер жайлоосуна мал издеп кеткен бойдон жок болуп жаткан жаран изделүүдө.
"1972-жылы туулган И.К. аттуу жаран мал издеп кеткен боюнча кайтып келген эмес. Ал адамдын аты үйүнө келип, өзү табылбай жаткандыгы тууралуу маалыматты кошунасы билдирген.
Мындан улам жерине Ат-Башы райондук №45 ӨКБдан 5 куткаруучу издөө иштерине чыгып кетишкен. Бүгүн буга кошумча саат 11:00до 5 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 5 адам тартылган.
Учурда издөө иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет", -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/aty-kelip-z-zhok-narynda-mal-izdep-ketip-dajynsyz-bolup-zhatkan-kishi-izdeld
Добавить комментарий ×