Атлантика океанына туристтерди “Титаник” кемесин көрүү үчүн түшкөн аппарат дайынсыз жоголду

20 июнь 2023 11:38 507 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Атлантика океанына туристтерди “Титаник” кемесинин калдыктарын көрсөтүү үчүн тереңдикке алып түшкөн аппарат менен байланыш үзүлүп, дайынсыз болууда. Бул тууралуу Fox News телеканалына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет. 
Маалым болгондой, жээк коопсуздук кызматы дайынсыз жоголгон кемеде беш адам, анын ичинде бир экипаж мүчөсү бар экенин билдирди. 

Жоголгон туристтердин арасында, алдын ала маалымат боюнча, британиялык миллиардер Хэмиш Хардинг жана дагы үч ири бизнесмен бар.   

Учурда абадан издөө иштери жүрүп жатат. Куткаруучулар ал суунун үстүнкү бетине чыгууга программалангандыктан, техникалык мүчүлүштүктөр жаралса, анын үстүнө чыгат деген үмүттө.  

Суу астындагы кеме “Титаник” кемесинин урандыларынын арасында калып калган деген божомол да бар. Экипажда кычкылтек 60 саатка жакын жетет.      
Басылманын маалыматына ылайык, OceanGate туристтерден 3800 метр тереңдикте жайгашкан “Титаниктин” кыйраган жерине экспедицияларындагы үчүн ар бир адамдан 250 миң доллар алат. Аппараттын адамдар менен жоголушу боюнча компания азырынча комментарий бере элек.  
 
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/atlantika-okeanyna-turistterdi-titanik-kemesinin-kaldyktaryn-krst-chn-tshkn-apparat-dajynsyz-zhogoldu



Добавить комментарий