Атасынын өлүп бара жатканын видеого тартып элге жарыялаган жигит катуу сынга калды
Филиппиндик блогер Кит Таленс социалдык баракчага атасынын кайтыш болгон учуру тартылган видеону жүктөп эл-журттун сынына кабылды.Бул тууралуу Stan.kz кабарлады.
Учурда анын бул видеосун Youtube каналында 5 миллиондон ашык көрүүчү көргөн.
Видеонун башында атасынын каза тапканын билбеген блогер үй-бүлөсү менен унаада келе жатканын көрүүгө болот.Алар аталар күнүнө кандай сюрприз кылабыз деп талкуулап жатышкан учур көрсөтүлөт.Бир аздан кийин видео үзгүлтүккө учурап, андан соң Талестин апасы унаада бара жаткан атасынын сөөгүн кучактап буркурап ыйлап жаткан жери көрсөтүлгөн. Блогер атасы жүрөк оорусунан кайтыш болгонун көрүүчүлөргө эч нерсе болбогондой кайдыгер кабарлаган.
Дүйнөлүк желенин колдонуучулары жигиттин мындай жоругун катуу сынга алып жатышат. “Жакын адамдын өлүмүнөн дагы контент жасоо керекпи?”,-дешүүдө алар.
Добавить комментарий ×