Атамбаевдин уулу суукта жылаңачтанып алып карга жуунду

30 ноябрь 2020 10:58 7838 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев жылаңач денеси менен карга жатып “ден соолукта болом десең, суукка денеңди көндүр” деди. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Анын айтымында, денени чыйрыктырып, суукка көндүрүү керек.

“Бекем ден соолукта болом десеңиз, денени чыйрыктырып, чымыр болуңуз. Ошону менен катары эле спорт менен машыгыңыз”, - деди ал.

Видео тасмадан Сейтек Атамбаев суукта жылаңачтанып алып, карга жатып, денесин кар менен жууп жатканын көрүүгө болот.

Көптөгөн соцтармактын колдонуучулары аны ооруп калбаса экен деп тынчсызданган комментарийлерди калтырышкан.


Ссылка: https://barometr.kg/atambaevdin-uulu-suukta-zhylaachtanyp-alyp-karga-zhuunup-sport-menen-mashykkan-videosun-zharyyalady



Добавить комментарий