Атамбаевдин соту УКМКда жабык өтүп жатат

16 август 2019 12:20 2583 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ушу тапта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы УКМКнын имаратында жабык шартта каралып жатат.

Аны Бишкектин Биринчи май райондук соту көчмө отурумунда кароодо.  Сот отурумунда мурдагы президенттин адвокаты Сергей Слесаревдин Атамбаевдин УКМКнын тергөө абагына камакка алынышына карата берген аппеляциялык арызы каралууда.

УКМКнын имаратынын жанында соттолуп жаткан мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаева, кичүү уулу Кадырбек Атамбаев жана тарапташтары турат.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган.

Ссылка: https://barometr.kg/atambaevdin-sotu-ukmkda-zhabyk-tp-zhatat



Добавить комментарий