Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов жети жылга камалды

30 октябрь 2019 12:53 2021 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин “шоопуру”, кеңешчиси Икрамжан Илмиянов жети жылга эркинен ажыратылды.

Мындай өкүмдү Бишкектин Октябрь райондук соту бүгүн чыгарды. Сот аны Жазык кодексинин 204 - «Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык» беренесинин 3-бөлүмү менен күнөөлүү деп тапты.

Муну менен катар анын үй-мүлкү конфискацияланып, 1600 эсептик көрсөткүчтө айыппул салынды.

Сотто акыркы сөзүн сүйлөгөн Икрамжан Илмиянов тагылган айыптардын бири да далилденбегенин айтып, акыйкат чечим чыгарууну өтүнгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/atambaevdin-keeshchisi-ikramzhan-ilmiyanov-zheti-zhylga-kamaldy



Добавить комментарий