Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция тууралуу маалыматты УКМК төгүндөдү

3 апрель 2019 15:36 1517 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Социалдык түйүндөрдө күч түзүмдөрү тарабынан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышы боюнча тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. 

Азыркы учурда Таш-Мойнок айылында эч кандай атайын операция жүргүзүлгөн жок.

“УКМК фейк маалыматтын таралып жатышын деструктивдүү күчтөрдүн коомчулукту адаштырууга кылган аракети катары баалайт. Буга байланыштуу УКМК бул кабарга тиешеси бар адамдарды тактап жатат”,-деп айтылат маалыматта

Ошондой эле УКМК жалган маалыматтарды таратууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралганын эскертти.

Ссылка: https://barometr.kg/atambaevdi-karmoo-boyuncha-atajyn-operaciya-tuuraluu-maalymatty-ukmk-tgndd



Добавить комментарий