Атактуунун аялы жылаңач эркектердин сүрөтүн тартып атагы чыгууда. Фото
Белгилүү россиялык продюссер Александр Цекалонун жубайы казакстандык Дарина Эрвин бир нече жыл мурда Алматадан АКШга кеткен. 27 жаштагы кыз жогорку кесиптик чеберчиликте сүрөт тартат. Бул тууралуу www.woman.ru. маалымдады.
Бир аз мурда Цекалонун жубайы Instagramдагны баракчасына өзүнүн чыгармачыл иштери тууралуу сүрөттөрдү жарыялады. Джинсы жана фартук кийип жарым жылаңач болгон кыз эч бир кийими жок эркектердин сүрөтүн тарткан. Бул сүрөттө интимдик жагдайлар даана тартылган.
“Сүрөт сүрөтчүнүн эң эле жашыруун ойлорун-алгачкы идеяларын, каталарын ачууга жардам берет”,-деп жазды Дарина сүрөттүн алдына.
Аял эркектердин мындай сүрөттөрүн тартуудан ырахат аларын жашырган жок.
Эскерте кетсек, Дарина Эрвин (чыныгы фамилиясы Сапарова) Алмата шаарында туулуп өскөн. Кийин АКШга кеткен.
Россиялык шоумен Александр Цекало экөө бир аз мурда үйлөнүшкөн.
Ссылка: https://barometr.kg/ataktuunun-ayaly-zhylaach-erkekterdin-srtn-tartyp-atagy-chyguuda-foto
Добавить комментарий ×