Кинорежиссёр Болот Шамшиев 24-декабрда акыркы сапарга узатылат
Атактуу кинорежиссёр Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 24-декабрда өтөт.
Шамшиев узакка созулган оорудан улам кечээ кечки саат 20:30да каза болду. Бул тууралуу президенттин, Өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу ооруканадан “barometr.kg” сайтына билдирген.
Болот Шамшиев аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүндө бир айдан бери жаткан болчу. Кинорежиссёр быйыл 78 жашка толгон.
Болот Шамшиев — советтик жана кыргызстандык кинорежиссер, сценарист, актер жана ойчул.
Советтик жана кыргызстандык кинорежиссёр, сценарист, актер Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда туулган. 1975-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти наамына, 1977-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыган. Ал эми 1991-жылы СССРдин Эл артисти наамын алган.
Ал «Ак кеме», «Караш-Караш», «Сүйүү закымдары» ж.б бир катар белгилүү фильмдердин режиссеру жана «Кыргыз кереметинин» көрүнүктүү өкүлү болуп саналат.
Ссылка: https://barometr.kg/ataktuu-kinorezhissyor-bolot-shamshiev-kaza-boldu
Добавить комментарий ×