Ошто инвалид кишини 23 жолу бычак менен сайып өлтүрүп кетишти (Сүрөт)

15 август 2020 17:00 2117 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаарынын тургунуна белгисиз жарандар подъезде бычак менен кол салышкан. Кылмышкер 23 жолу бычак сайып, аны өлтүрүп, бирок качып  кетүүгө үлгүргөн жок. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери шектүүнү жолго чыгууга камынып жатканда кармап калышты. 

10-августта саат 01:00 чамасында Ош шаарынын Анар кичи шаарчасынын  тургунунан  телефон аркылуу кабар келип түшүп, анда кабарлаган тургун коңшусун белгисиз атуулдар подъезде бычак сайып кетишкендигин билдирген.

Окуя болгон жерге Ош ШИИБнын жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу барган учурда Ош шаарынын Анар кичи шаарчасынын  тургуну 1980-жылы туулган Ж.К. атту жарандын денесинин  ар кайсы жерине 23 ирет учтуу нерсе менен сайылып каза болгондугу аныкталган. 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам иликтөо-издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары,  алыскы жолго чыгууга камынып жаткан кезде Ош облусунун Кара-Суу районунун  1994-жылы туулган тургуну Б. уулу А. кармалып, Ош ШИИБнын УКЖна киргизилген. Шектүү Б. уулу А. Кара-Суу районунун убактылуу тургуну, ажырашкан. Эч жерде иштебейт.

 Каза болгон  Жалилов Кыялбек Кыязбекович 1980-жылы туулган, Ош шаарынын Анар кичи районунун   тургуну, билими орто, эч жерде иштебегендиги жана 3 топтогу майып экендиги аныкталган.

Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, шектүүнүн көрсөтмөсүнө ылайык шектүү  менен маркум өз ара тааныш болуп,  бул окуядан туура 5-6 күн мурда аталган батирде ичимдик ичип отурушуп өз ара түшүнбөстүктөн улам чырдаша кетишкен. Натыйжада шектүү ички таарынычы менен үйдөн чыгып кеткен. Андан соң ошол таарынычынан улам өч алуу максатында бычак алып келип, үй ээсин сыртка чакырып туруп, маркум чыгаары менен токтоосуз 23 ирет денесинин ар кайсы жерине бычактаган.

Үчурда шектүүнүн көрсөтмөлөрү текшерилүүдө. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Шектүүнүн үстүнөн “адам өлтүрүү” беренеси менен тергөө иштери жүрүп жатат.    

Ссылка: https://barometr.kg/atajyn-dayardanyp-baryp-23-zholu-bychak-sajganga-shekt-zharan-karmaldy-srt



Добавить комментарий