Атабековдун жаңы ырын “Атамбаевдин арманы” дешүүдө: “Мен да бай болгом, чоң болгом”

22 июнь 2019 14:53 14830 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Белгилүү ырчы Мирбек Атабеков жаңы ырын күйөрмандарга тартуулады. Аны уккандар “Атамбаевдин арманы” деген ыры дешүүдө.

Бул ырды өз баракчасына бөлүшкөн “Медиа пресс” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Жылдызбек Керимбаев “Мирбек Атабеков жаңы ыр чыгарыптыр, өтө актуалдуу экен, хит болот буйруса! Азамат Мирбек!”,-деп жазды.

Ырда “Мен да бай болгом, чоң болгом, чөнтөккө акча жык толгон, жанымда досторум көп эле күлүп ойногон. Көнүмүш адатымды койбоптурмун. Берилген ырыскыма тойбоптурмун. Түбөлүк жашай берем дегенсип ойлоптурмун” деген сыяктуу саптар кездешет.

Ссылка: https://barometr.kg/atabekovdun-zhay-yryn-atambaevdin-armany-deshd-men-da-baj-bolgom-cho-bolgom



Добавить комментарий