Атаандашы оңой эмес. Бүгүн Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатында беттешет

12 сентябрь 2022 14:44 2761 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Күрөш боюнча Дүйнө чемпимонатында бүгүн Айсулуу Тыныбекова беттешке чыгат. Бул тууралуу "Барометр" билдирет.

Бүгүн, 12-сентябрь күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынында грек-рим күрөшү боюнча 4 комплект медаль ойнотулат.

 Ошондой эле кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер старт алат.

Коло байге үчүн көңүл жубатуучу беттешке 63 кг салмак даражада Тынар Шаршенбеков, 67 кг салмакта Амантур Исмаилов жана 97 кг салмакта Бексултан Махмудов чыгат.

Ал эми, кыз-келиндер күрөшү боюнча алгачкылардан болуп Айсулуу Тыныбекова килемге чыгат.
Спортчу 1/8 финалда Болгария-Франция беттешинин жеңүүчүсү менен күч сынашат.

Эске сала кетсек, Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/ataandashy-ooj-emes-bgn-ajsuluu-tynybekova-djn-chempionatynda-betteshet



Добавить комментарий